БЕКИТИЛДИ
2022-жылдын “13” — сентябрь
Педкеңештин № 1/1чечими
ӨЗҮН –ӨЗҮ БААЛОО БОЮНЧА ОТЧЕТУ
МАРАТ ТЕМИРОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИ
ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯЛОО
Комиссиянын төрайымы: 1 Акматов Б.С.. – мектеп директору:
Комиссиянын мүчөлөрү: 2 Жунушова Н.А.. – окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары
- Керимбекова С.Т.–тарбия иштери боюнча директордун орун басары
- Арыкбаева Р.М.-соц педагог
- Садырова Ж.М. – кесиптик бирлик уюмунун төрайымы
“Комиссиянын курамы жөнүндө” № 105 18 -октябрь 2022-жыл
БУ боюнча кыскача маалымат
Мектеп- Эки корпустан турат. 1-корпус 1978-жылы пайдаланууга берилген, 120 окуучуга ылайыкташылган. Ал эми экинчи корпус 2009-жылы пайдаланууга берилген. 250 орундуу.
Мектеп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрында №541 токтому менен бекитилген жалпы билим берүү уюму жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБОнун негизинде 3 баскычында жүргүзүлөт.
- Жалпы башталгыч билим берүү (окутуунун ченемдик мөөнөтү 4 жыл)
- Жалпы негизги билим берүү (окутуунун ченемдик мөөнөтү 5 жыл)
- Жалпы орто билим берүү (окутуунун ченемдик мөөнөтү 2жыл)
Мектепте 6жаштан жогорку улан – кыздар билим алышат, алардын 100%ы кыргыз улутунан. Мектеп Корумду айыл аймагында жайгашкан. Мектеп типтүү 2 кабаттуу. Мектептин окуп жаткан имаратында 12 класстык бөлмө, мугалимдердин бөлмөсү, ыңгайлаштырылган компьютердик бөлмө, директордун бөлмөсү, уюштуруучунун бөлмөсү, химия кабинетинин лаботртория бөлмөсү, китепкана, ашкана, спорт зал бар. Мектепке чеийинки 3 сааттык “Кулпунай” балдар бакчасы үчүн 2 класстык бөлмө бар.
2021-2122-окуу жылында мектепте 30 мугалим эмгектенди. Анын ичинен 23 жогорку билимдүү, 5 мугалим орто кесиптик, 2 мугалим бүтпөгөн жогорку билимдүү. Мектепте интернет байланышы бар.
Дубалы— 2 кабат, кирпич
Мектептин жалпы аянты- 2,390га
Менчиктин түрү- Муниципалдык
Билим берүү уюмунун статусу- Марат темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби
ИНН- 02604200410259
Проект боюнча канча окуучуга ылайыкталган— 370 окуучуга ылайыкталган.
Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби – 2013- жылы юридикадык жакты мамлекеттик кайра каттоо
жѳнүндѳ 09-апрель 2013 — жылы №0005576 каттоо номери
менен Ысык-Кѳл облусттук юстиция башкармасы
тарабынан катталган.
Юридикадык жактан мамлекеттик кайра каттоо жѳнүндѳгү
күбѳлүктүн номери — 96228-3302-М-е
Билим берүү уюмунун миссиясы: М.Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби азыркы заманга ылайык ата – энени, коомчулукту мектепке тартуу менен Ата Мекенди сүйгөн, ден соолугу чың, турмушта өз ордун таба ала турган, заманбап окутуунун неизинде компьютерди өздөштүргөн, логикалык ой жүгүртүүсү кенен , маданияттуу, улуттун тарыхын, каада-салтын жогору туткан тарбиялуу инсандарды окутуп тарбиялап чыгаруу.
Стратегиялык максаты: Мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучулардын жана мугалимдердин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү.
Мектептин директору – Акматов Бактыбек Сагындыкович 0704 404 027 baktybeksagyndykov@gmail.com
Мектеп аккредитациядан ѳткөн-2018-жыл, сертификат №СС190006158
Сертификаттын мөөнөтү: 15.10.2023
1.1 Жалпы орто билим берүү уюмунун аты: | Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби |
1.2 Адрес | Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Түп району, Талды Суу айыл өкмөтү, Корумду айылы, Сейдакмат көчөсү №30 |
1.3 Электрондук почта | marattemirovschool@gmail.com |
2.Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана тастыктоочу база
ϴзүн-ѳзү баалоо үчүн критерийлер | ϴзүн-ѳзү баалоонун натыйжалары | Тастыктоочу база | ||
1.Билим берүү программасынын мазмуну жана окуу-методикалык камсыздалышы
| ||||
1.1 | Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын,базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектѳѳлѳрүнѳ ылайык келүүсү | Бардык окуу предметтеринин компоненттери мамлекеттик программанын негизинде камсыздалган. Бардык предметтер базистик окуу планынын негизинде календарлык-тематикалык пландарды пландаштырышты. 2016- 2017 – окуу жылынан тартып, башталгыч класстар жана 5,6-класстар мамлекеттик стандарттын негизинде предметтик компетенттүүлүк менен окутулууда. 2018-2019-окуу жылында 7-9-класстарда негизги предметтер предметтик стандарт боюнча , 2020-2021-окуу жылында 10-11-класстарга математика, тарых, физика предметтерине предметтик компетенттүүлүк кирген. Билим берүү боюнча коюлган максаттар жана алардын жыйынтыгы стандартка дал келет. 2018-2019-окуу жылы, 2019-2020-окуу жылы, 2020-2021-окуу жылы, 2021-2022- окуу жылы γчγн базистик окуу планын негизинде окуу планы түзүлүп. иш алып барылат. КРнын Ѳкмѳтγнγн «Кыргыз Республикасынын мектептеги жалпы билим берγγсγнγнγн мамлекеттик билим берγγ стандарттарын бекитγγ» жѳнγдѳгγ 2014-жылдын 21- июлундагы №403 жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 1995-жылдын 31- сентябрындагы «Билим берγγ мекемелеринин болжолдуу типтγγ штаттарын бекитγγ жѳнγндѳгγ» 1995-жылдын 30- сентябрындагы №404 токтомдоруна ылайык иштелип чыккан. Базистик окуу планы билим берγγнγ ар бир баскычы γчγн сааттарды бѳлγштγрѳт. Билим берγγнγн ар бир баскычы γчγн жумалык(апталык) окуу жγктѳмγ жана чектелген (жыйынтыкталган) окуу жγктѳмγ Мамлекеттик стандарт боюнча аныкталат. Окуу программасы Мамлекеттик стандартка дал келет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21.04.2014-жылы №403 Токтому менен бекитилген. “Кыргыз Республикасынын жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартынын” негизинде билим берүү үч баскычты камтуу менен жүргүзүлөт: Жалпы башталгыч билим берүү – 1-4-класстар Жалпы негизги билим берүү – 5-9-класстар Жалпы орто билим берүү – 10-11-класстар – Мектептин ички документтери: базалык окуу планы, окуу программалары жана класстык журналдар; Сапаттуу билим берүү үчүн мектептин ички көзөмөлдөөнүн жыйынтыгы , административдик текшерүү жана билим сапатын текшерүүнүн жыйынтыгы. Мектеп өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы укуктук-ченемдик актыларга жана мектеп Уставына таянып иш жүргүзүлөт. Окутуу бир тилдүү: кыргыз тилинде. Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 18 класс 392 окуучу, даярдоо 2 класс 54 окуучу окуйт, кошуп эсептегенде 20 класс, Жалпы – 446 Окутуу эки сменада жүргүзүлөт. I сменде – -1-4а,б- класстар, 5а,б, 8-11-класстар 11 класс; II сменде –2а,б, 3- класстар, 6а,б, 7а,б- класстар окушат. Кыргыз тилинде окутуучу жалпы орто билим берүү мектеби үчүн 2019-2020-окуу жылынын базистик окуу планы төмөндөгүдөй болуп 2019-жылы 25-августа «Кут билим» газетага бекитилген.
| https://temirov / ustav
| |
1.2 | Окуу- методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектѳѳлѳрүнѳ ылайык келүүсү |
Окуучулардын окуу китептери менен камсыз болушу Тарбиялык иштердин жакшыртылышы | temirovv. ОТЖП пландар temirovv.pedkenesh-ish-plandar. temirovv.direktor-aldynda-keneshme. temirovv.kesipke-bagyt-beruu-1.pdf temirovv.bashtalgych-kl-ub-analiz.pdf temirovv.lingvistika-u.b-analizi.pdf temirovv.tak-ilim-ub-analiz.pdf temirovv.gumanit-ub-analiz.pdf temirovv.okuu-planynyn-analizderi.pdf
| |
1.3 | Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине,анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу-методикалык адабияттардын фонду) болушу. | 1.Китепканада китеп ресурстары боюнча толук маалыматтар бар. 2. Окуу-усулдук материалдар: окуу китептери, айрым сабактар боюнча дидактикалык материалдар, справочниктер, таблицалар, биология предмети боюнча муляждар, предметтер боюнча тесттер, сабактар боюнча окуу –усулдук жыйнактары бар. (жетишсиз) Окуучулардын китеп менен камсыз болушу 2017-2018- оку жылында- 85% 2018- 2019-окуу жылында- 86% 2019-2020-окуу жылында-87% 2020-2021- окуу жылында -88% 2021-2022-окуу жылында 86%ды түздү. Жетишпеген китептер ата-энелер тарабынан жана китепканчы тарабынан жакынкы мектептерден акт түзүү жолу менен камсыздалат. Демөөрчүлөр тарабынан окуу- методикалык адабияттардын фонду толукталып турат. «Кут Билим» газетасында окутулуучу окуу китептеринин мазмуну, автору, басылып чыккан жылы, окуу программасына дал келиши жөнүндө маалыматтар басылып чыгат. Китепканачы Д-10 формасын толтурат. «Жаны китеп» сайтына дагы окутуулучу китептери боюнча маалыматтар жана окуучулардын китеп менен камсыз болушу тууралуу киргизилген. | 2019-2020-о.ж. китепканын иш планы 2020-2021-окуу ж китепканын иш планы 2021-2022-о.ж. китепканын иш планы 2022-2023-о.ж. китепканын иш планы 2018-2022-жылдагы китепканын анализи
| |
1.4 | Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлѳрүн, керектѳѳлѳрүн жана канаттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу | Мектепте Кыргыз Республикасынын Билим берүү, Мугалимдердин статусу жөнүндө мыйзамдары, билим берүү программаларын ишке ашырууда жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктары, илим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу иш укуктук – нормативдик актылар,мектептин Уставы жетекчиликке алынып окуучуларга сапаттуу билим берүү артыкчылыктуу мааниге ээ. Билим берүүнүн сапатын көтөрүү үчүн бардык шарттар көрүлгөн. Аталган иш аракеттердин бардыгы педагогикалык кенештин отурумдарында, ата-энелер чогулуштарында, сурамжылоо, анкета, тест жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат. | КРнын Билим берүү мыйзамы
| |
| ||||
Алсыз жактар:
| ||||
2.Компетенттүү окутууну ишке ашыруу жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоо | ||||
2.1 | Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу | Бардык окуу предметтеринин компоненттери мамлекеттик программанын негизинде камсыздалган. Бардык предметтер базистик окуу планынын негизинде календарлык-тематикалык пландарды пландаштырышты. Календарлык- тематикалык пландар мамлекеттик стандарттын негизинде түзүлүп, окуу бөлүмүнүн башчысы аркылуу текшерилип, директор тарабынан бекитилди. Ар бир усулдук бирикмеде да алдын ала иш пландары түзүлүп, бекитилип иш жүргүзүлүп жатат. | temirovv.usulduk-keneh temirovv.direktor-aldynda-keneshme. temirovv.kesipke-bagyt-beruu-1.pdf temirovv.bashtalgych-kl-ub-analiz.pdf temirovv.lingvistika-u.b-analizi.pdf temirovv.tak-ilim-ub-analiz.pdf temirovv.gumanit-ub-analiz.pdf temirovv.okuu-planynyn-analizderi.pdf Сабактын иштелмелери Ачык сабак Ормон хан
| |
2.2 | Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу | Мугалимдер менен усулдук иш алып баруунун,мугалимдер тарабынан инновациялык технологияларды жана ыкмаларды колдонуу боюнча мониторинги далилдери бар.Мугалимдердин 70% кем эмеси окутууда жана инновациялык ыкмаларды колдонуу көндүмдөрүнө ээ жана аларды практикада колдонот. Сабакка даярдануу жана өткөрүү,окуучулардын жетишкендиктерин текшерүү жана баалоо инновациялык технологияларды колдонуу үчүн шарттар түзүлгөн. Бирок азыркы талапка ылайык инновациялык технологиялардын жетишсиздигинен каражаттар жетишсиз. Мектептин миссиясы менен дал келген мамлекетик билим берүү стандартына так аныкталган билим берүү максаттары иштелип чыккан 1. Курагына, жынысына,акыл –эс жана дене боюунун түзүлүшүнө карабастан сапаттуу негизги жалпы жана жалпы орто билим алууга мүмкүнчүлүк берүү 2. Мектепте 10-11-класстардын базасында профилдик баскычка өтүү жана негизги жалпы билим алган окуучуга адистикти тандоого мүмкүнчүлүк берүү 3. Мектепте социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү Ошондой эле мектептин өнүктүрүү планында: 1.9-10-11-класстардын окуучуларын кесипке багыт берүү 2.Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарынан окутууга шарт түзүү 3.Окуучулар өз алдынча интернеттен сабактарга даярданышат жана анализдешет; 4. Мектепте мугалимдердин жеке ноутбуктары интернетке туташылган; 5. Сабактарда интерактивдүү, традициялык эмес ыкмаларды пайдаланышат; | Башталгыч кл.семинары | |
2.3 | Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу | Педагогикалык окутуу методдорун баалоо жана корректировкалоо максатында мектеп администрациясы үзгүлтүксүз сабактарга катышып , ар бир сабакка тиешелүү анализдер берилген. Мугалимдер арасында да жолдоштук сабактарга катышуу жолго коюлган.
Окуучулардын жазуу иштеринин жыйынтыгы окуу бөлүм башчысы тарабынан көзөмөлдөнүп,конкреттүү сунуштар колдонулат. Мектепте андан кийинки талдоо менен сабактарга өз ара катышуу жүзөгө ашырылат,педагогдордун өзүн-өзү баалоо формалары колдонулат.Кайтарым байланыш алуу үчүн ата-энелер чогулушу,ата-энелерди сурамжылоо жана башкалар өткөрүлөт. Педагогдордун ишинин ыкмаларын жана технологияларын корректировкалоо максатында окутуунун натыйжаларын жана сабактарды талдоо,ошондой эле өзүн –өзү талдоо иши туруктуу жүргүзүлөт | temirovv.pedkenesh-ish-plandary/ toktomdoru temirovv.usulduk-keneh ish plany/ toktomdoru temirovv.direktor-aldynda-keneshme/ish plany/toktomdoru Класстык журналдардын жүргүзүү ЖОБО, текшерүү планы, текшерүүнүн маалыматы Өз ара сабакка катышуу ЖОБО. Анализдери Өз ара сабакка катышуу дептери Окуучулардын дептерлери, күндөлүктөрү Сабактын иштелмелери Ачык сабак Ормон хан
| |
2.4 | Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун обьективдүү жана ачык-айкын системанын болушу | 1. Окуучулардын ишмердүүлүгүн баалоодо обьективдүү жана бирдиктүү мамиле менен окуучулардын ишмердүүлүгүн баалоо критерийлеринин негизи болуп саналат. 2. Бардык дидактикалык критерийлер үчүн 5 баллдык баалоо жүргүзүлөт; 3. Тесттер, текшерүү иш, жат жазуу иштери 4. Ар бир балага инсанга багытталган баалар коюлат; 5. Окуучунун жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен тесттер варианттары менен түзүлөт; 6. Айланма дептерлер убагында текшерилип, баалары коюлат. | temirov.класстык журналдар баалары менен Окуучулардын дептерлери, күндөлүктөрү Билим сапатынын анализи ,чейректердин мониторинги
| |
2.5 | Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары , ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жѳнүндѳ маалымдоо системасынын болушу | Окуучуларды баалоодо өзүн- өзү баалоо, жекече баалоо, топто, жупта баалоо, ж.б жыйынытыктоочу баалоону мугалим коет. Алдын алуучу баалоо, калыптандыруучу баалоо, жыйынтыктоочу баалоолордун формалары колдонулат. « Edupage» программасына жүктөлөт, баалар класстык журналдарга түшүрүлүп, чейректер чыгарылат. Окуучулардын күндөлүктөрүнө, өздүк делолоруна коюлат. Педагогикалык кенеште окуучулардын билим сапатынын мониторингдери каралат. Ата- энелер жыйналышында окуучулардын жетишкендиктери тааныштырылат. Жылдын жыйынтыгы менен жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучулар, райондук администрациянын, айыл өкмөттүн, мектептин ардак грамоталарына көрсөтүлөт. | ЖРТнын анализи Таланттуу окуучулар мн иштөө ЖОБО | |
2.6 | Коопсуз, ѳнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чѳйрѳсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу | Мектепте билим берүүнү жана тарбия ишин жакшыртуу максатында мезгил-мезгили менен анкетирлөө жүргүзүлүп турат. Билим берүү кызматтарынын натыйжалуулугу класстык ата-энелер жана мектептин жалпы ата-энелер чогулушунда бааланып, талкууланат. Пландын негизинде кетирилген кемчиликтер жана жетишкендиктер талкууланып, анализдер берилет. Окууучулардын социалдык абалы анализденип, соц педагог тарабынан алгылыктуу иштер аткарылып келе жатат. Ар жыл сайын турмуш шарты оор, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн соц педагог жана айылдык ден-соолук комитети тарабынан материалдык жардамдар көрсөтүлүп келет Мектеп коопсуз, өнүгүп келе жаткан жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу боюнча жигердүү иш алып барууда. Бул иш класста да, сабактан кийин да жүргүзүлөт. Сабакта ар бир мугалим ар бир бала үчүн максималдуу ыңгайлуулук атмосферасын, билим берүү иш-чараларына позитивдүү мамиленин атмосферасын түзөт. Сабактагы позитивдүү маанай сабактын алгачкы мүнөттөрүнөн башталат. Дайыма сабакта мугалим ден-соолукту сактоочу б.а. денени туура тарбиялоо технологияларын колдонот: -Дене боюн түз алып отурууну көзөмөлдөө – Бири-бирине жылмаюу тартуулоо – компьютерде туура отурууну көзөмөлдөө Мектепте ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мектепти жана класстарды жашылдандыруу, класстардын эстетикалык жаалгасы зор таасирин тийгизет Мектепте спортзал, минифутбол аянтчасы бар, сабактан тышкаркы убакта окуучулар ден-соолуктарын чыңдоо максатында, күрөш волейбол, футбол жана «Жеткинчек» ийримдерине катышышат. | педегогдордун функц милдеттери техникалык коопсуздук эрежелери Соцпедагогдун 3 жылдык анализи
| |
2.7 | Ички жана тышкы баалоонун ,системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы | Чейректик отчеттор, административдик тесттер, чейректик текшерүү иштери, лабораториялык, практикалык иштер , бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациялоосу боюнча мониторинг жүргүзүлөт. НЦТ, SECOM , NOVA, 6-класста математикалык тест (SEBAT), «АКМО» , «НООДУ» тесттерине, сырттан өткөрүлүүчү онлайн Эл аралык олимпиадалар , райондук, областтык, республикалык предметтик олимпиадалар , ар кандай кароо- сынактарга окуучулардын катышуусу боюнча салыштырмалуу мониторинг жүргүзүлөт. | Билим сапатынын анализи ,чейректердин мониторинги Олимпиада
| |
2.8 | Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу | Атуулдардын арыздары жана аларды кароого байланышкан документтер (иш номенклатурасы) Ар жуманын жума күндөрү ата-энелер үчүн «Ачык эшиктер» күнү каралган. Мектепте «Ишеним почтасы» почтасы уюштурулган, аны мектептин уюштуруучусу иш алып барат. Мектеп администрациясынын кызыкдар тараптардын кайрылууларын, арыздарын кабыл алуучу иш убактылары бекитилген. | ишеним кутучасы
| |
Күчтүү жактар: Окуу-тарбиялоо процессинедеги ар кыл проект, программалардын алкагында иш алып баруу билим сапатына түздөн- түз таасирин тийгизип жаткандыгын байкоого болот. Окутуу-тарбиялоо процессине социалдык проект, коомчулукту тартуу, ата-энелер менен болгон байланыш да оң натыйжасын берет Өз ара сабакка катышуу дептерлери уюштурулган Мектеп администрациясы , усулдук бирикме жетекчилери, насаатчы мугалим тарабынан мугалимдин сабагына катышып турат. Талкуу жүргүзүлөт, усулдук жактан көмөк көрсөтүлүп, кеңештер айтылат. Мотивацияланат. Баалоодогу ачык айкындуулук системалашкан Психологиялык жагымдуу чөйрө түзүлгөн | ||||
Алсыз жактар: Финансы каражаттарынын жетишсиздиги Ата-энелердин баласынын жетишкендиктерине й учурлардагы кайдыгерлиги | ||||
3.Кадрдык саясаттын эффективдүүлүгү
| ||||
3угалимдердин.1 | Педагогикалык персоналдык квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлндагы №336 токтому менен бекитилген штаттардын саныны типтүү структурасынын негизинде комплектиленет. Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билимин ошондой эле адистигинин билим берүү программасына шайкеш келүүсү боюнча төмөндөгүдөй тартипте аткарылат:
Мектепте 31 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен 18 класс жетекчи , 1 соц педагог, 1 уюштуруучу иштейт. Жаш мугалим 4, пенсиядагы мугалимдер 6. Мектепте медициналык кызматкерлер, психологдор, логопеддер жок. Учурда иштеп жаткан мугалимдердин ичинен «Билим берүүнүн мыктысы» -1 мугалим. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин грамотасы менен 1 мугалим сыйланган. | Мугалимдер сандык- сапаттык курам Мугалимдерди жумушка кабыл алуу, бошотуу арыздары Өз билимин жогорулатуу курсуна бараган мугалимдер
| |
3.2 | Физикалык жана психологиялык коопсуз чѳйрѳнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын ѳз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу | Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыздоочу механизмдер жана процедуралар белгиленди, ошондой эле билим берүү процесинин катышуучуларынын өз ара мамилелерине жана анын натыйжалары боюнча чечимдерди кабыл алууга карата баалоо жүргүзүү боюнча иштер жүргүзүлүп турат. Мектепте физикалык жана психологиялык чөйрөнү түзүү максатында ата-энелер окуучулар жана мектеп администрациясы менен 3 тараптуу келишим түзүлгөн. Физикалык коопсуздугу боюнча имараттын коопсуздугу, бөлмөлөрдүн жарыктандырылышы, кабинеттердин желдетилиши, коопсуздук техникалык эрежелердин болушу, эвакуациялык пландардын болушу, жергиликтүү башкаруу уюмдарына жазылган каттардын негизинде жөнгө салынып турат . Балдардын ден-соолугун коргоо, ооруларды алдын-алуу үчүн ФАП кызматкерлери, айылдык ден-соолук комитети менен сабактар, лекциялар өтүлүп, мониторинг алынат. Өрт коопсуздугу боюнча инструктаждар окуулар райондук өрт кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп турат. Окуу-семинарлары уюштурулуп, инструктаж ɵткɵрүлɵт. Класстык бɵлмɵлɵрдɵ коопсуздук эрежелеринин кɵрсɵтмɵлɵрү жана класстык бɵлмɵнүн температурасын ченɵɵчү термометрлер илинген. Окуу кабинеттеринин жана башка кабинеттер санитардык – гигиеналык талаптарга жооп берет. Окуу процессин уюштурууда техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча профсоюз комитети менен макулдашылган. Мектепте коопсуздукту сактоо боюнча жооптуу адамдар бекитилген Окуучулар өзүлөрүн мектептин эрежелерине ылайык үлгүлүү алып жүрүшөт. Окуучулар арасында техникалык коопсуздук эрежелерин сактап, өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо мугалими Куленбеков Өскөн “Жаш куткаруучулар ”, тобун түзүп, машыгууларды өткөрүп турат. Башталгыч жана жогорку класстарда өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча сабактар өтүлүп, окуучуларга кеңири түшүнүктөр берилип турат. Окуучулар өзгөчө кырдаалдар учурунда кайсы номерге кайрыла тургандыгын билишет. | техникалык коопсуздук эрежелери | |
3.3 | Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик ѳнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу | Педогогдорду кесиптик өнүктүрүүнүн салттуу системасы колдонулат: _ Жыл сайын 15 % кем эмес педогог ( беш жылдын ичинде 75% ) өз квалификациясын курстарда, семинарларда тренингдерде, анын ичинде дистанттык түрдө жогорулатат; – методикалык бирикмелер натыйжалуу иштейт; -Насаатчылык системасы бекитилген жана колдонулат; – Насаатчылар, МБнын жетекчилери жана активдүү иштешет. -Окутуудагы керектөөлөрдү баалоо жыл сайын жүргүзүлөт; -Мектеп үчүн кесиптик өнүгүү боюнча пландар талдоонун негизинде түзүлөт ( ОЖнын стратегиялык жана жылдык пландарынын бир бөлүгү катары) -Педогогдор кесиптик өнүгүүсүнүн өздүк индивидуалдуу пландарын иштеп чыгышат Мектептин кадрдык курамында жогорку билими диплом менен тастыкталып комплекттелинген. Ар бир мугалим өз убагында билимдерин көтөрүү курстарынан өтүшөт. | Өз билимин жогорулатуу курсуна бараган мугалимдер Насаатчылык жобо, иш планы, анализдери Мектептин стратегиялык өнүктүрүү планы Предметтик декадаларды өткөрүү боюнча жобо
| |
Күчтүү жактары:
| ||||
Күчсүз жактары Инновациялык технологиялардын жетишсиздиги Айрым мугалимдердин МТКны өздөштүрө албагандыгы | ||||
4.Материалдык –техникалык база | ||||
4.1 | Билим берүү процессинин катышуучуларына анын, ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын(жабдылган окуу класстары,лабораториялык ,компьютердик класстар, спорт зал) болушу | Мектептин окуу имараттары жана бөлмөлөрү канаатандыраалык абалда. Предметтик стандарттардын талаптарына ылайык жабдылган класстардын саны 60%дан жогору. Спорт зал бар, керектүү каражаттар менен камтылган. Мисалы тогуз коргоол, топ ж.б. v Мектеп директорунун, уюштуруучунун, усулдук канаалары бар жана техкаражаттар (компьютер, принтер) шкафтар, методикалык окуу куралдар менен камсыз болгон v Мектепте лабораториялык кабинеттер бар, шартка жараша керектүү каражаттар бар. v 12 предметтик канаалар, v китепкана v Ашкана, спорт зал бар Ø Мектептин айланасына роза гүлдөрүнүн көчөттөрү отургузулган; Ø «Кыргызтелеком» интернеттери туташтырылган. Ø Жатакана жок. | Мектептин тех паспорту Мектептин материалдык — техникалык базасы
| |
4.2 | Билим берүү чѳйрүсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык,санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер,ѳрткѳ каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери) | Мектепте экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталат жана атайын нускама иштелип илинген. Өрткө каршы щиттер, кошумча эшиктер бар, бирок өрт өчүрүүчү шаймандар жетишсиз, жергиликтүү башкаруу органдарына каттар менен кайрылуулар жолдонуп келет. Окуучуларга өрт коопсуздугу боюнча маалыматтар берилип турат жана атайын бурч уюштурулган. Коопсуздук талаптарга ылайык келет. Класстык бөлмөлөрдө өрт коопсуздугу боюнча эрежелер илинген. Мектептин бул багыттагы иши санитардык эрежелердин сакталышына жана санитардык-эпидемияга каршы иш-чаралардын аткарылышына өндүрүштүк көзөмөл жөнүндөгү жобого, ошондой эле эмгекти коргоо боюнча иштерди ушютуруу жөнүндө жобого негизделген. Өндүрүштүк көзөмөл үчүн жооптуу адамдар: Мектеп мүдүрү; -Чарба иштери боюнча мүдүрдүн орун басары -Тамак-аш үчүн жооптуу кызматкер Өндүрүштүк көзөмөл төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзүлөт: -Санитардык-гигиеналык жана санитардык эрежелердин жана гигиеналык ченемдердин саталышына, өндүрүштүк көзөмөл уюштурууга -медициналык кароодон, флюорографиядан өз убагында өтүшүн көзөмөлдөө -мектеп территориясын өз убагында дезинфекциялоо -Канааларды, спорт залды жарыктандырууну көзөмөлдөө иштери жолго коюлган. | Коопсуздук ,өрт коопсуздугу боюнча иш планы
| |
4.3 | Материалдык –техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, жана пландоо механизминин болушу | Ø 2021-жылы ашкана Талды- Суу айыл өкмөтү тарабынан 194000 сомго капиталдык ремонттон өткөрүлүп, мектеп фонду тарабынан 20000 сомго идиш аяктар алынып берилди; Ø 2021-жылы « Ысыккөл өнүктүрүү» фонду тарабынан 300006 сомго ашкана жабдуулары алынып келинди: Ø 2017-жылдын 21-ноябрь КР Билим жана илим министрлиги тарабынан 2 түстүү телевизор, Ø 2017-2018- жылы 10 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 15000 сомдук мектептин алдын отуручтар жасалып берилген; Ø 2018-жылы- 2019-жылы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан берилген- мектептин айланасына гүл бакчанын тегереги 20000сомго тосулуп берилген. Ø 2019-2020- жылы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 20000 сомго мектептин кире бериши цементтелген; Ø 2021-2022-жылы 20 жылдыктар тарабынан 10000 сомго адабий китептер “Манас” томдуктары берилген Ø 2021-2022 -жылы 40 жылдык демөөрчүлөр тарабынан 7000 сомго микрофон (2 штук) алынып берилди; Ø Класс кабинеттерде терезе пардолор демөөрчүлөр аркылуу алмаштырылып турат; Ø «Кыргызтелекомдун» вай-фай кызматы менен иш алып барышат. | ашкана сурот | |
Күчтүү жактар:
Алсыз жактары:
| ||||
3.Корутунду
Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жалпы иш кагаздары талапка ылайык жүргүзүлөт. 18 класстык журнал, алфавиттик китеп, окуучулардын жана мугалимдердин иш кагаздары, буйрук китепчелери, окуучулардын кыймылы боюнча өз убагында буйруктар чыгарылып, ИСУО маалыматтык базасы жаныланып, толук маалыматтар жүргүзүлүп турат .
Мектептин күчтүү жагы болуп күчтүү кадрлардын болушу, талыкпаган изденүүчүлүгү, тарбия иштеринин алгылыктуу жүргүзүлүшү болуп саналат. Мектептин китепкана фонду жыл сайын жаныртылып, демөөрчүлөрдүн жардамы менен толукталып турат.
Жүргүзүлгѳн ѳзүн-ѳзү баалоонун негизинде комиссия ыйгарым укуктуу органдары программалык аккредитациядан ѳтүү үчүн документтерди жиберүүнү сунуштайт.
Комиссиянын тѳрагасы:_________________________________________
Комиссиянын мүчѳлѳрү:________________________________________
__________________________________________