ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯЛОО
БЕКИТИЛДИ
2022-жылдын “13” — сентябрь
Педкеңештин № 1/1чечими
ӨЗҮН –ӨЗҮ БААЛОО БОЮНЧА ОТЧЕТУ
МАРАТ ТЕМИРОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИ
ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯЛОО
Комиссиянын төрайымы: 1 Акматов Б.С.. – мектеп директору:
Комиссиянын мүчөлөрү: 2 Жунушова Н.А.. – окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары
- Керимбекова С.Т.–тарбия иштери боюнча директордун орун басары
- Арыкбаева Р.М.-соц педагог
- Садырова Ж.М. – кесиптик бирлик уюмунун төрайымы
“Комиссиянын курамы жөнүндө” № 105 18 -октябрь 2022-жыл
БУ боюнча кыскача маалымат
Мектеп- Эки корпустан турат. 1-корпус 1978-жылы пайдаланууга берилген, 120 окуучуга ылайыкташылган. Ал эми экинчи корпус 2009-жылы пайдаланууга берилген. 250 орундуу.
Мектеп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрында №541 токтому менен бекитилген жалпы билим берүү уюму жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБОнун негизинде 3 баскычында жүргүзүлөт.
- Жалпы башталгыч билим берүү (окутуунун ченемдик мөөнөтү 4 жыл)
- Жалпы негизги билим берүү (окутуунун ченемдик мөөнөтү 5 жыл)
- Жалпы орто билим берүү (окутуунун ченемдик мөөнөтү 2жыл)
Мектепте 6жаштан жогорку улан – кыздар билим алышат, алардын 100%ы кыргыз улутунан. Мектеп Корумду айыл аймагында жайгашкан. Мектеп типтүү 2 кабаттуу. Мектептин окуп жаткан имаратында 12 класстык бөлмө, мугалимдердин бөлмөсү, ыңгайлаштырылган компьютердик бөлмө, директордун бөлмөсү, уюштуруучунун бөлмөсү, химия кабинетинин лаботртория бөлмөсү, китепкана, ашкана, спорт зал бар. Мектепке чеийинки 3 сааттык “Кулпунай” балдар бакчасы үчүн 2 класстык бөлмө бар.
2021-2122-окуу жылында мектепте 30 мугалим эмгектенди. Анын ичинен 23 жогорку билимдүү, 5 мугалим орто кесиптик, 2 мугалим бүтпөгөн жогорку билимдүү. Мектепте интернет байланышы бар.
Дубалы— 2 кабат, кирпич
Мектептин жалпы аянты- 2,390га
Менчиктин түрү- Муниципалдык
Билим берүү уюмунун статусу- Марат темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби
ИНН- 02604200410259
Проект боюнча канча окуучуга ылайыкталган— 370 окуучуга ылайыкталган.
Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби – 2013- жылы юридикадык жакты мамлекеттик кайра каттоо
жѳнүндѳ 09-апрель 2013 — жылы №0005576 каттоо номери
менен Ысык-Кѳл облусттук юстиция башкармасы
тарабынан катталган.
Юридикадык жактан мамлекеттик кайра каттоо жѳнүндѳгү
күбѳлүктүн номери — 96228-3302-М-е
Билим берүү уюмунун миссиясы: М.Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби азыркы заманга ылайык ата – энени, коомчулукту мектепке тартуу менен Ата Мекенди сүйгөн, ден соолугу чың, турмушта өз ордун таба ала турган, заманбап окутуунун неизинде компьютерди өздөштүргөн, логикалык ой жүгүртүүсү кенен , маданияттуу, улуттун тарыхын, каада-салтын жогору туткан тарбиялуу инсандарды окутуп тарбиялап чыгаруу.
Стратегиялык максаты: Мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучулардын жана мугалимдердин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү.
Мектептин директору – Акматов Бактыбек Сагындыкович 0704 404 027 baktybeksagyndykov@gmail.com
Мектеп аккредитациядан ѳткөн-2018-жыл, сертификат №СС190006158
Сертификаттын мөөнөтү: 15.10.2023
1.1 Жалпы орто билим берүү уюмунун аты: | Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби |
1.2 Адрес | Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Түп району, Талды Суу айыл өкмөтү, Корумду айылы, Сейдакмат көчөсү №30 |
1.3 Электрондук почта | marattemirovschool@gmail.com |
- Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана тастыктоочу база
Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлер | Өзүн—өзү баалоонун натыйжалары
| Тастыктоочу база | |
| |||
1.1 | Билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу бекитилген ички актылардын болушу | -Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2011 -жылдын 12- сентябрдагы №541токтому менен Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин Уставы бекитилген. Мектептин уставынын мектептин түзүмдүк бөлүмү жөнүндө жобонун билим берүү жаатынын ишин жөнгө салган жергиликтүү актылардын негизинде жүргүзүлөт. Мекеменин уставына ылайык Кыргыз Республикасынын регистрациялык карточкасы бар. ИНН 02604200410259 Берилген күнү 09.04.2013-жыл. Алгачкы мамлекеттик каттоо күнү: 26-апрель 2004-жыл. Юридикадык жактан мамлекеттик кайра каттоо жѳнүндѳгү күбѳлүктүн номери— Ысык – Көл облустук юстиция башкармалыгы тарабынан 2013-жылдын 09 — апрелинде каттоодон өткөн Күбөлүк № 96228-3302-М-е Ысык – Көл облусунун Түп районундагы Корумду айылында Марат Темиров атындагы орто мектеби 1921-жылдан бери иштеп келе жатат. Мектеп азыркы аталышты 1991-жылы кабыл алган. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Окуучуларга билим берʏʏдɵ билим берʏʏнʏн сапатын камсыздоо боюнча мектепте окутуунун – тарбиялоонун планы иштелип чыгып миссия, максат коюлуп, 2020-жылдын 24-августунда №01 педагогикалык кеӊештин чечими менен бекитилип, Талды- Суу айыл ɵкмɵтʏнʏн башчысы Мамбеталиева Айнура Аалыевна менен 2020-жылдын 28- августунда макулдашылды. Тʏп райондук билим берʏʏ бɵлʏмʏнʏн башчысы Такаев Адылбек Жумадылович менен 2020-жылдын 28-августунда макулдашылган. -Кыргыз Республикасынын билим берʏʏ жана илим министрлигинин №475/1 2020-жылдын 18-июнундагы бекитилген буйругунун негизинде райондук билим берʏʏ менен макулдашылып, жалпы орто билим берʏʏ окуу планы бекитилди. Билим берʏʏ максаты мамлекеттик стандартка ылайык тʏзʏлгɵн. Окуу жʏктɵмʏ билим берʏʏ программасы боюнча мамлекеттик стандартка ылайык Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берʏʏ мектебинин окуу жʏктɵмʏ райондук билим берʏʏ бɵлʏмʏ тарабы менен макулдашылып, №50 буйрук менен 517 саат бекитилген. Мектепте 19 класс бекитилген. Бардык 19 класс кыргыз тилинде окутулат. Класстардын комплектелишинин орточо толушу 94% -Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 03-сентябрындагы №17 буйругунун негизинде 480 сааттык Мектепке чейинки даярдоо программасы мамлекеттик стандарттын негизинде иш алып барды. Окуу пландын аткарылышы: 480саат-33жумага чейин; 1-класс-33жума 2-4-класстар-34жума 5-11-класстар-экзамен берүү күндѳрүн эсепке алганда -34-36жума Сабактардын ѳтүү убактысы: 1-класстарга 40мүнѳт, 2-11-класстарга 45 мүнѳт окутулат. Мектепте 1-2-кезмет менен окутулат. 1-кезметте 8:00дѳн 13:00чейин, 2-кезмет 13:30дан 18:30га чейин билим алышыт. Окуу жылынын ичинде каникулдардын узактыгы 30 календарлык күндѳн кем эмес. Жайкы каникулдун узактыгы 12 календарлык жуманы түзѳт. 1-класстын окуучулары үчүн 3-чейректе кошумча 1жумалык каникул берилет. Марат темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде окутуунун натыйжаларын сапатын камсыздоодо педагогикалык жамаат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик стандартын ишке ашырууда 2015-2016-окуу жылынан баштап башталгыч класстарды окутууда компетенттүүлүктөрдү камтуу менен сабактар өтүлүүдө. Билим берүүнүн сапатын камсыздоодо мектеп ичинде 4 усулдук бирикме иш алып барат.
Усулдук бирикмелери биргеликте иш пландарын талкуулап, биргеликте планын түзүп мектеп директоруна бекиттирип алат. Түзүлгөн пландын негизинде иш алып барышат жана чейректик, жылдык мониторингдердин диаграммаларын түзүп чыгышат.
|
temirovv,gumanit-ub-analiz.pdf
Класстык журналдардын текшеруу Жобо, маалыматы Класстык журналдар, баалары менен Институтционалдык аккредитация тирекме 1
, |
1.2 | Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыктар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу | Мектептин №1 педагогикалык кеңешмеде бекитилген мектептин өнүктүрүү планында (стратегиялык план) жана учурдагы окутуп тарбиялоону жакшыртуу планында (ОТЖП) мектептин миссиясы, максаты чагылдырылган. Мектептин миссиясы: Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби азыркы заманга ылайык ата – энени, коомчулукту мектепке тартуу менен Ата Мекенди сүйгөн, ден соолугу чың, турмушта өз ордун таба ала турган, заманбап окутуунун неизинде компьютерди өздөштүргөн, логикалык ой жүгүртүүсү кенен , маданияттуу, улуттун тарыхын, каада-салтын жогору туткан тарбиялуу инсандарды окутуп тарбиялап чыгаруу. Мектептин алдыга койгон максаты: окуу тарбия процессинде заманбап технологияларды пайдалануу аркылуу сапаттуу билим жана тарбия берүү менен компетенттүү инсанды окутуп, тарбиялоо. Мектеп жамаатынын алдыга койгон максатка жетүү үчүн, төмөнкү стратегиялык планы түзүлгөн: 1. Окуу тарбиялык Мектеп окуучуларына мамлекеттин талаптарына дал келе тургандай сапаттуу билимди жана тарбияны камсыз кылуу . Окуучулардын билим сапатын, тарбиясын жакшыртуу. максатында ата-эне менен мектептин кызматташуусун чыңдоо. Улуттук маданияттын баалуулуктарын жана тарыхын үйрөтүүнүн негизинде ар бир окуучунун инсандык жактан өнүгүүсүнө комплекстүү шарттарды түзүү. 2. Мектептин окуу – методикалык жана материалдык техникалык базасын чыңдоо. Квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүү, алдыңкы иш тажрыйбаны жайылтуу Окуу кабинеттерин жабдуу, жаңыртуу, спорттук инвентарлар менен камсыз кылуу. Китепкананын китеп фондун жаңыртуу, толуктоо. Компьютер, принтер, интерактивдүү доска менен камсыз кылуу, видео камера орнотуу. Көмөкчү чарбаны өнүктүрүү . Дене тарбия жана спорт багытындагы иштерди жакшыртуу Мектептин өнүктүрүү планына киргизилген, ал эми толуктоолор окутуп тарбиялоону жакшыртуу планында жыл сайын анализделип киргизилет. Пед кеңештердин, өндүрүштүк кеңешмелердин маселелери талапка ылайык, зарыл деп табылган маселелер менен алмашып турат.
| temirovv. ОТЖП пландар temirovv.pedkenesh-ish-plandar, токтомдору temirovv.usulduk-keneh иш пландары, токтомдору temirovv.direktor-aldynda-keneshme иш пландар, токтомдору temirovv.kesipke-bagyt-beruu-1.pdf
|
1.3 | Мектептин башкаруу ишмердүүлүгү мектептин директоруна жана анын орун басарларына бөлүштүрүлгөн бардык кызматкерлердин милдеттери иштелип чыккан. Мектеп администрациясы мугалимдерге усулдук жардам берүү менен окуу – тарбия процессин “мугалим-окуучу-мугалим” принцибинде кызматташуу багытында иш жүргүзөт. Мектепте усулдук бирикме жана алардын жетекчилери бекитилип, алдыга максаттары коюлуп иш пландар түзүлгөн.
Билим берүүнүн сапатын камсыздоодо усулдук бирикмелердин максаттары түзүлгөн: мугалимдердин квалификациясын жана чеберчилигин жогорулатуу жаш мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө колдоо (насаатчылык) көрсөтүү. Билим берүү чөйрөсүндөгү окутуунун сапатына талапты камсыз кылуу. Бирдиктүү билим жана тарбия берүүдө инсандын өнүгүүсүн жана калыптануусун камсыз кылууга чыгармачыл иш-чараларды уюштуруу. Мугалимдердин педагогикалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасын баалоо. Иш пландын негизинде ачык сабактар, предметтик декадалар жана өз ара сабактарга катышуу уюштурулуп, сунуш пикирлер айтылып, методикалык окуулар, семинарлар өтүлүп турат. Окуучулардын окуу жөндөмүнө жараша түзүлгөн жылдык иш план боюнча кошумча сабактардын өтүлүшүн көзөмөлдөө максатында ар бир мугалим өз предметтери боюнча жөндөмдүү жана аяр мамиледеги окуучуларды аныктап чыгышат жана алар менен иштөөдө өзүнчө пландарды түзүшөт. Пландын негизинде предметтик мугалимдер тарабынан төмөнкү иштер аткарылат: Окуу кабинеттеринде жөндөмдүү окуучулардын деңгээлин көтөрүүгө ылайыктуу материалдар топтолуп, иштер жигердүү алып барылат. Жөндөмдүү жана аяр окуучулардын ата-энелери менен балдарынын өсүү жөндөмдүүлүгү боюнча консультациялар дайыма өткөрүлүп турат. Жөндөмдүү жана аяр окуучулар менен иштөө отчеттору, өсүү мониторингдери предметтик мугалимдер тарабынан өз учурунда даярдалып анализдер берилип турат. Жөндөмдүү окуучулар менен дил баян, баяндамалар иштери жана андан сырткары кошумча адабий китептерди окуу менен байма-бай иштер жүргүзүлгөн. Өзгөчө 1-4-класстар арасында таза жазуу иши боюнча жана окуп түшүнүү боюнча башталгыч класстарынын мугалимдери ата-энелер менен бирдикте “ Келгиле, окуйбуз” долбоорун ийгиликтүү алып баруу менен, биздин мектептин иш-чаралары райондук семинарларда көрсөтмө катары көрсөтүлдү. Учурда башталгыч класстын мугалимдери китепканачы менен бирдикте “Керемет окуу” долбоору менен иш жүргүзүлүп келет. Өз билимин өркүндөтүү жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча мугалимдер үчүн “Усулдук күн” уюштурулган. Бул иш – чаранын алкагында мугалимдер билим жаатындагы жаңылыктар, жаңы усулдар, интерактивдүү усулдар, докладдар менен таанышышып маалымат алышат. Бул күнү мугалимдер үчүн актуалдуу болгон темалар каралат. Мисалга алсак “Билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары”, “Баалоонун түрлөрү, стратегиялары, натыйжалары, көрсөткүчтөрү”, “Негизги ченемдик документтер”, “Компетенттүүлүктөр”, “Кайтарым байланыш” ж. б.ушул сыяктуу усулдук жаңылыктар менен таанышып, баарлашып, талкууга алышат. Ар бир бирикменин предмет боюнча дубал газеталар уюштурулган, ал жерге предметтер боюнча кызыктуу материалдар, жаңылыктар, маалыматтар илинип турат. – Окутуунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн аткарылган иштер ай сайын УБ жетекчилиги тарабынан отчёт, анализдер жазылып, УБ күнүндө талкууланат жана усулдук бирикменин жыйынтыгы токтомдордо көрсөтүлүп кийинки айга милдеттер кабыл алынат. – Мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу жана алмашуу максатында иш чаралар аткарылып келет. – Мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин, квалификациясын жогорулатуунун үстүндө иштөө менен 25% мугалим ар кандай курстардан өтүштү. Жаш адистердин иштери боюнча сабактардын пландарынын топтому, пикирлер, сунуштар банкы жана анкета баракчалары жүргүзүлөт. Мектептин бирлик уюму да мектептин билим берүү сапатын арттырууда алгылыктуу иштерди алып барууда. Ата-энелер комитети: Дербишова Лиза — тѳрайымы, мүчѳлѳрү- Бабалиева Минера Кадаева Бактыгул Сариева Жаңыл Ата-энелер комитетинин функционалдык милдети:
| temirov/,profsouz.ishhlan Темиров профсоюз уюу иш пландары, анализдери temirovv.kamkorchular-keneshi- temirovv.bashtalgych-kl-ub-analiz.pdf temirovv.lingvistika-u.b-analizi.pdf temirovv.tak-ilim-ub-analiz.pdf temirovv.gumanit-ub-analiz.pdf Таланттуу окуучулар мн иштөө ЖОБО, иш планы Насаатчы жобо, жаш мугалимдер менен иштөө планы
| ||||||||||||||||
1.4 | Персоналдын жана окуучулардын жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдеринин болушу, аларды сактоо (билим берүүнүн жана инсандын, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын колдоочу уюштуруучулук маданияттын калыптангандыгы) |
2.Окуучулар үчүн коомдук жайларда, мектепте өзүн-өзү алып жүрүүчү жүрүм-турум эрежелеринин нормалары да кабыл алынган . Мектеп ичинде, класстык чогулуштарда, өзүн-өзү башкаруу уюмунун чогулуштарында ички эрежелер каралат. Мектепте ар жума күнүндө болуп туруучу линейкада “Балдардын укукгу жөнүндө конвенция” тууралуу талкуу жүргүзүлүп турут. Ал эми пикир алышуу убагында класс жетекчилер окуучулар менен “Балдардын укугун коргоо” жөнүндө изденишип, “Мен жана менин укугум” деген темада класстык сааттар өтүлүп турат. Мындан тышкары “Рекетчилик” деген темада саясий суроо – жооп кечелери, дебаттар, тегерек столдор өткөрүлүп турат. | ||||||||||||||||
1.5 | Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушу
| Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:
SWOD анализдер жүргүзүлөт;
Артыкчылык аттестатка жана ЖРТнын жыйынтыгы менен «Алтын сертификатка » жетишүү пландалган, бирок ишке ашкан жок. Мугалимдердин ишин жандандыруу, окуучулар менен үзгүлтүксүз иш алып баруу уюштурулду. Билим берүүнүн сапатын 1 %га жогорулатуу планда каралган, бирок билим берүүнүн пайызы өскөн жок. Ошондуктан, чейректе 1, 2 сабактан жетишпеген окуучуларды шыктандырып, мугалимдердин ишмердүүлүгүн күчөтүп, жылдын жыйынтыгында билим сапаты 2 %га көтөрүлдү. ЖРТнын жыйынтыгы менен 11- класстын бүтүрүүчүсү 172 балл алды. | temirovv. okuu-zhyl.ish-plan. temirovv.bashtalgych-kl-ub-analiz.pdf temirovv.lingvistika-u.b-analizi.pdf temirovv.tak-ilim-ub-analiz.pdf temirovv.gumanit-ub-analiz.pdf temirovv.okuu-planynyn-analizderi.pdf temirovv.zhrtnyn-zhyyyntyktary.pdf
| |||||||||||||||
1.6 | Кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдеринин болушу
|
| temirovv.nasaatchy-zhobo.pdf temirovv.pedkenesh-ish-plandar.pdf temirovv.cheyrekterdin-monitoringi.pdf temirovv.oz-ara-sabakka-katyshuu.analiz.pdf temirovv.dekadalardy-otkoruu-boyuncha-zhobo.pdf өз ара сабакка катышуу дептери
| |||||||||||||||
1.7 | Билим берүүнү башкаруунун колдонуудагы маалыматтык системасынын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушу | Билим берүү башкаруунун маалыматтык системасы (ИСУО) менен мектеп жакшы иш алып барууда Ар бир мугалимдин электрондук почтасы бар. Мугалимдердин 30% да ноутбук, компьютер бар. Мектептин электрондук почтаcы аркылуу иш кагаздар тиешелүү жактарга жөнөтүлөт Билим берүүнү башкарууну колдонууда маалыматтык системалар бар. «кыргызтелеком» интернеттери туташтырылган. Интернет 1 компьютерге туташылган, мындан сырткары ар бир мугалимдин өзүнүн менчик ноутбуктары вай-файга туташтырылып, жекече электрондук даректери ачылып, иш алып барышат. Мугалимдер «Edupage» программасы менен иш алып барат. Окуучулар, ата- энелер менен -ZOOM, Classroom, Whatsapp, Telegramm программалары аркылуу кайтарым байланыш жүргүзүшөт. Электрондук дарек: [email protected]
| temirovv,tarbiya-ish.-ish-plandary.pdf Мектептин материалдык — техникалык базасы
| |||||||||||||||
|
2. КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ | |||
2.1 | Педагогикалык, административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
| Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектебине педагогикалык кадрларды ишке кабыл алуу КР эмгек кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Педагогикалык ишке зарыл болгон, педагогикалык квалификациясы бар, кызматы жана адистиги боюнча квалификациялык мүнөздөмөнүн талаптарына туура келген билими жөнүндө документи бар адамдар кабыл алынат. Жалпы билим берүү уюмдун кызматкерлерине жана администарациясына карата КР эмгек кодексинде каралган эмгек мыйзамдары колдонулат. Эмгек келишиминин жарактуулук мөөнөтү КРнын эмгек жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык аны түзүүдө кызматкер жана жумуш берүүчү тарабынан аныкталат. Соттолгон же КР өкмөтү бекиткен тизме боюнча медициналык көрсөткүчтөрү бар жарандарга жалпы билим берүү уюмдарында иштөөгө жол берилбейт. Мектепте персоналдын, окугандардын, социалдык өнөктөштөрдүн жүрүм-турумунун этикалык ченемдери жана мектепке кабыл алуу боюнча эрежелер топтому иштелип чыккан. Учурда мектептин педагогикалык кадр менен камсыз болушу 100%. Мектепте 31 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен 18и класс жетекчи , 1 соц педагог, 1 уюштуруучу иштейт. Жаш мугалим 5, пенсиядагы мугалимдер 6. Мектепте медициналык кызматкерлер, психологдор, логопеддер жок. Учурда иштеп жаткан мугалимдердин ичинен «Билим берүүнүн мыктысы» -1 мугалим. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин грамотасы менен 1 мугалим сыйланган. | https://temirovv.sandyk-sapattyk-kuram. https://temirovv. жумушка кабыл алуу,бошотуу, aryzdar.pdf
|
2.2 | Штаттардын комплекттелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү | Мектепте педагогикалык жана кѳмѳкчү курамдын комплекттелиши, квалификациясы, билими жана тажрыйбасы билим берүүнүн максаттарына жетүүгѳ ылайык. 1. Базистик окуу планынын жана нормативдик ченемдердин негизинде класс- комплектиси бекитилип, штаттык расписание түзүлөт; 2. Штаттык расписаниенин негизинде мугалимдер тарификациядан өткөрүлдү; 3. Педагогикалык жааматтын квалификациясы жана билими, билим берүү программасына шайкеш келет.
| https://temirovv. komlektovanie. https://temirovv. kurs-povyschenie.pdf
|
2.3 | Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессиниин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол жоболордун болушу | Мектепте физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн педагогдор менен ата – энелер ортосунда келишимдер түзүлгөн. Анкета түрүндө алынып физикалык коопсуздук боюнча имараттын коопсуздугу, бөлмөлөрдүн жарыктандырылышы , кабинеттердин жылуулугу, желдетилиши, таза суу менен камсыз болушу, мебелдердин коопсуздугу ата – энелер , жергиликтүү бийлик менен кайрылуулардын , маек жүргүзүү, проблемаларды суроо жооп аркылуу аныктап алып, стратегиялык планга киргизилген, айрым учурда тез кабыл алуу педагогдордун чогулушунда чечилет. Балдардын ден соолугун коргоо, жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн ФАП кызматкери менен мониторинг жүргүзулүп турат. Социалдык педагог анкета жүргүзөт жашыруун кутуча пайдаланылат, ар бир айда комиссия курамы менен ачылып протокол түзүлөт. Ар кандай психологиялык коопсуздукту алдын алуу үчүн кутуча ичиндеги көйгөйлөр ата – эне, окуучу менен бирдикте маек жүргүзүү менен чечилет. ИДН кызматкерлери менен ай сайын чогулуштар өтүлүп түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.Өрт коопсуздугу боюнча мектеп ичинде ар бир адам КРдин өрт коопсуздугунун 1995 – жылдын № 33 инструкциясынын негизинде эрежелер сакталат. Мектепке эмгек өргүүсүнөн келген ар бир мугалим өрт коопсуздугунун инструкциясы менен таанышкандан кийин гана иштөөгө жол берилет. Өрт коопсуздугун сактоо боюнча атайын комиссия түзүлгөн Эвакуация пландары илинген жана өрт өчүрүүчү сшить ага тиешелүү жабдыктар; өрт өчүрүүчү балондор, күрөк, лом, кум салынган ящик, бочка менен камсыз болгон. | temirovv.ort-koopsuzdugu-1.pdf техникалык коопсуздук эрежелери
|
2.4 | Педагогикалык, административдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу –көмөкчү персаналдын ишин баалоону анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол жоболордун болушу. | Мугалимдерди жана кенже тейлөөчү персоналдын ишин баалоону жана анын жыйынтыгы боюнча чечимдер педагогикалык кенеште жана өндүрүштүк чогулушта каралат: Анда төмөндөгүдөй критерийлерди эске алуу менен сыйлыкка көргөзүлөт:
| педкенеш иш пландар |
Күчтүү жактары: 1. Кадрлардын 100 % толук болушу 2. Билим берүү программасына дипломдук адистердин шайкеш келүүсү 3. Ваканттык орундардын жоктугу 4. Мугалимдер жоктугунан берилбей калган предметтердин жоктугу 5. Кайсы бирлеринин квалификациясы жок берилип жаткан предметтердин жоктугу 6. Профсоюздук комитеттин иш алып баруусу 7. Профилактикалык кенештин иш алып баруусу 8. Ийгилик жараткан мугалимдердин , кичи персоналдардын жетишкендиктеринин өз убагында баалануусу Күчсүз жактары
2.Ата энелердин жоопкерчилигинин аздыгы 3.Айрым педагогдордун кайдыгерлиги 4. Жогорку окуу жайларда так илимдер боюнча предметтеги студенттердин санынын аздыгы жана мектептерге келип иштебөөсү; (физика, математика сабактары) | |||
3. Материалдык техникалык база
| |||
3.1 |
| Билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасы боюнча маалымат 1 Мектепте окуучуларды шыктандыруу жана окуунун натыйжасына жетишүүсүнѳ түрткү берүү, жардам берүү үчүн ар бир класска бекитилген класс жетекчилер иш алып барат. Мындан тышкары мектепте балдар менен иштѳѳ үчүн социалдык педагог бекитилген иш мерчеминин негизинде иштейт. 2 Окуучулардын жана педагогикалык курамдын ден соолугуна кам көрүү айылдын Үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун медициналык кызматкерлери тарабынан камсыздалат. Мектептин натыйжалуу ийгиликтери, окуучулардын билим сапатынын жогору болушу бирден бир мектептин материалдык-техникалык базасына көз каранды. Мектептин материалдык –техникалык абалы жакшы, 12 окуу кабинети, 1 спорт зал, 1 химия кабинетинин лаборатория кабинети (жабдылган эмес), 1 ашкана, 1 китепкана окуу залы менен. 1 архив, мектепке чейинки билим берүү боюнча 3 сааттык «Кулпунай» балдар бакчасы үчүн 2 класстык бөлмө бар. Мектепте 2 компьютер, 2 проектор менен 2 принтер-ксерокс, 1 цветной принтер, 3 телевизор, 2 калонка, 3 глобус, 1 ноутбук, 2 микрофон, бар. Учурда мектеп талапка жооп берет. Кышкысын жылуу, жарык балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Материалдык базаны чындоонун үстүндө аракеттенүүдөбүз. Жакынкы аралыкта «Окуу керемет» долбоору тарабынан “ЮСАИД” фондусунан 1 планшет берилди. Мектеп директорунун, уюштуруучунун, кабинеттери бар жана тех.каражаттар (компьютер, принтер) шкафтар, мебелдер, методикалык окуу куралдар менен камсыз болгон. Мектепте актылар залы, коопсуздукту алдын алуу үчүн видео көзөмөл, интерактивдүү доска, окуучулар үчүн комьютерлер жок.
| https://sotspedagogdyn ish plandaru- temirovv.tarbiya-ish.-ish-plandary.pdf Мектептин материалдык — техникалык базасы
|
3.2 | Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык санитардык-эпидеммиологиялык жана гиигеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын)эрежелери | Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптар сакталат: 1.Өрткө каршы эвакуациялык пландар, өрт калканычы , өрт өчүргүчтөр, аптечкалар бар; 2. Санитардык эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер камтылган банерлер жеткиликтүү жерде илинип турат; 3. Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери профсоюз тарабынан макулдашылып, директор тарабынан бекитилип, ар бир класс кабинетке илинген; 4.Коопсуздук эрежелери боюнча инструктаж журналы уюштурулган, лекциялар окулуп, угуучулар тарабынан кол тамгалар коюлуп турат; 5.Физика, химия, информатика, эмгек сабактары өтүлүүчү кабинеттерде атайын журналдар ачылып, окуучуларга коопсуздук эрежелери тааныштырылып, кол тамгалары коюлуп турат; 6.Эмгекти коргоо боюнча профсоюз иш алып барат. 7. Пандемия учурунда окуучулардын, педагогикалык жааматтын, кенже персоналдардын ден соолугуна кам көрүү максатында ар бир класста умывальник, суюк самындар, кагаз кол аарчылар, антисептиктер коюлган. Ар бири антисептик, маска менен камсыз болушкан. | Өрт коопсуздук эрежелери |
3.3 | Материалдык –техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо , талдоо жана пландоо механизминин болушу | Ø 2021-жылы ашкана Талды- Суу айыл өкмөтү тарабынан 194000 сомго капиталдык ремонттон өткөрүлүп, мектеп фонду тарабынан 20000 сомго идиш аяктар алынып берилди; Ø 2021-жылы « Ысыккөл өнүктүрүү» фонду тарабынан 300006 сомго ашкана жабдуулары алынып келинди: Ø 2017-жылдын 21-ноябрь КР Билим жана илим министрлиги тарабынан 2 түстүү телевизор, Ø 2017-2018- жылы 10 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 15000 сомдук мектептин алдын отуручтар жасалып берилген; Ø 2018-жылы- 2019-жылы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан берилген- мектептин айланасына гүл бакчанын тегереги 20000сомго тосулуп берилген. Ø 2019-2020- жылы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 20000 сомго мектептин кире бериши цементтелген; Ø 2021-2022-жылы 20 жылдыктар тарабынан 10000 сомго адабий китептер “Манас” томдуктары берилген Ø 2021-2022 -жылы 40 жылдык демөөрчүлөр тарабынан 7000 сомго микрофон (2 штук) алынып берилди; Ø Класс кабинеттерде терезе пардолор демөөрчүлөр аркылуу алмаштырылып турат; Ø «Кыргызтелекомдун» вай-фай кызматы менен иш алып барышат.
| Мектептин материалдык — техникалык базасы (1)
|
Күчтүү жактары
Алсыз жактары
| |||
4.ФИНАНСЫ РЕСУРСТАРЫН БАШКАРУУ |
Билим берүү уюму билим берүү максаттарына жетишүү үчүн финансы ресурстарынын башкарууга тийиш | |||
4.1 | Финансылык пландоо системасынын болушу |
| тарификация
|
4.2 | Кошумча финансы ресурстарын тартуу,бѳлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча ачык-айкын механизмдердин болушу |
| М.Темиров кабинеттер |
4.3 | Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо,баалоо,талдоо жана пландоо механизминин болушу |
| М.Темиров кабинеттер |
Күчтүү жактары: 1.Балдардын коопсуздугу, билими, окуусу үчүн шарттардын түзүлүшүнө финансы каражаттарын тартуу. Алардын ата-энелер менен бирдикте аткарылышы, ачык-айкын, так болушу. Билим берүүгө кызыкдар тараптан нааразычылыктардын жок болушу. 2.Профсоюздук алгылыктуу иштеши. Жылдан жылга окуу шарттарынын жакшыруусу. Ата энелердин балдарды окутууда кызыкдар болушу |
Алсыз жактары: 1.Персоналдардын айлык акысынын аздыгы. 2.Ремонтко бөлүнгөн акчалардын тендер менен чектелиши. 3.Жылдан жылга мебелдердин эскириши, жаңы мебелдердин кымбат болушу. 4.Ремонт иштерине бюджеттен аз акча бөлүнүүсү. Жылдан жылга ремонтко керектүү каражаттардын кымбат болушу. 5. Окуу талабынын жогору болушу. 6.Окуу куралдарына акча каражаттарынын жетишсиздиги. 7.Конуш тургундарынын көпчүлүк бөлүгү жарды жашашы мигрант ата-энелердин көп болушу. |
3.Корутунду
Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жалпы иш кагаздары талапка ылайык жүргүзүлөт. 18 класстык журнал, алфавиттик китеп, окуучулардын жана мугалимдердин иш кагаздары, буйрук китепчелери, окуучулардын кыймылы боюнча өз убагында буйруктар чыгарылып, ИСУО маалыматтык базасы жаныланып, толук маалыматтар жүргүзүлүп турат .
Мектептин күчтүү жагы болуп күчтүү кадрлардын болушу, талыкпаган изденүүчүлүгү, тарбия иштеринин алгылыктуу жүргүзүлүшү болуп саналат. Мектептин китепкана фонду жыл сайын жаныртылып, демөөрчүлөрдүн жардамы менен толукталып турат.
Жүргүзүлгѳн ѳзүн-ѳзү баалоонун негизинде комиссия ыйгарым укуктуу органдары институционалдык аккредитациядан ѳтүү үчүн документтерди жиберүүнү сунуштайт.
Комиссиянын тѳрагасы: Акматов Б.С.
Комиссиянын мүчѳлѳрү: Жунушова Н.А.
Керимбекова С.Т.
Арыкбаева Р.М.
Мамбетова С.Ж. Мукамбетова К.К.
Кыдыкбаева Г.Б. Хасанова А.Ч.