Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Корумду айылында Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 1921-жылдан бери иштеп келе жатат. Мектеп азыркы аталышты 1991-жылы кабыл алган. Мектеп директору Акматов Бактыбек Сагындыкович , окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Жунушова нуржаз Асанбековна, тарбия иштери боюнча уюштуруучу керимбекова Саадат Туратбековна,  соцпедагог Арыкбаева Рахат Мусажановна окуучуларга татыктуу билим-тарбия берүү менен иш алып барышууда.

Мектептин дареги: Корумду айылы Сейдакмат көчөсү №30 индекс 722407.

Мектептин жалпы аянты: 2,390га

Окутуу тили: Кыргыз тили

1-корпус 1978-жылы пайдаланууга берилген 120 окуучуга ылайыкташылган, ал эми 2-корпус 2009-жылы пайдаланууга берилген 250 орундуу. Проект боюнча 370 окуучуга ылайыкташтырылган. Жылытуу системасы көмүр менен жылытылат. Класс комплект 18.

Быйылкы окуу жылында 1-класска 25 окуучу кабыл алынды. Мектепте 6 жаштан 18 жашка чейинки улун-кыздар билим алышат. Алардын 100%ы кыргыз улутунан. Мектеп Талды – Суу айыл аймагынан орун алган. Бүтүрүүчү класстардын окуучулары 11-класста 23 окуучу, 9-класста 44 окуучу. Жалпы окуучулардын өздөштүрүүсү 100%. Жалпы окуучулардын билим сапаты 30%. 1-4-класста 127 окуучу, 5-9-класста  211 окуучу. 10-11-класста 54 окуучу.

Окуучуулар окуунун биринчи күнүнөдө эле китептер менен камсыз болушкан. Бардык окуу китептеринин саны 8841, анын ичинен оуу китеби -5554, адабий окуу китептери- 2067, методикалык китептер-1220.

Мектепте тарбия иштери 9 багыттын негизинде жүргүзүлөт. “Ак — Тилек” балдар жана өспүрүмдөр уюму иш алып барат. Парламент мүмөлөрү 8 окуучудан турат. Социалдык коргоого муктаж окуучулар такталган тоголок жетеим 1, жарым жетим 23 окуучу каттоого алынан. 24 көп балалуу үй бүлө, 15 аз камсыз үй бүлөлөр. Кылмыштуулукту алдын алуу боюнча комиссия түзүлгөн. Мектептин көзөмөлүндө турган окуучу жок. Ай сайын кылмыштуулукту алдын алуу боюнча окуучулар менен биргеликте иш чаралар өтүлүп турат. Мектептин спорт аянтчасы бар. Спорт залы 2015-жылы ишке берилген. Азыркы учурда окуучулар дене тарбия сабагын жана ийрим иштерин ошол жерде өткөрүшөт.

 

Мектептин миссиясы

Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби азыркы заманга ылайык ата-энени, коомчулукту мектепке  тартуу менен Ата Мекенин сүйгөн, ден соолугу чың, турмушта өз ордун таба ала турган заманбап окутуунун негизинде компьютерди өздөштүргөн, логикалык ой жүгүртүүсү кенен, маданияттуу улуттун тарыхын, каада-салтын жогору туткан компетттенттүү инсандарды окутуп тарбиялап чыгарат.

Мектепте 2021-2022-окуу жылында төмөндөгүдөй максаттар кабыл алынган.

  1. Окуучулардын сабаттуулугун жогорулатуу, окуу техникасын жана коллиграфиясын жакшыртуу, көркөм адабий чыгармаларды окууга болгон кызыгуусун арттыруу
  2. Жөндөмдүү окуучулар менен иш алып барууну жакшыртуу (Жалпы Республикалык тестке, предметтик олимпиадага. Кызыл аттестатка. Кызыл күбөлүккө даярдоо)
  3. Окуучулардын ден соолугун чыңдоо, спортко болгон кызыгуусун арттыруу, райондук, облустук мелдештерде жакшы ийгиликтерге жетишүү
  4. Мугалимддердин кесиптик деңгээлин көтөрүү максатында ар кандай усулдук иштерди уюштуруу
  5. Окуучуларды компьютерди пайдалануу сабатсыздыгын жоюу, компьютердик класстарды түзүү
  6. Мектептин материалдык базасын чыңдоо

 

 

 

2022-2023-окуу жылында ишке ашырылуучу максаттар

  1. Окутуунун жаңы ыкмаларын колдонуп сабак өтүүнүн жана тарбиялоонуну негизинде окуучулардын билим сапатын жогорулатуу
  2. Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн учулдук борборлорду түзүү менен ишке болгон жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана заманбап технологияларды өздөштүрүүсүнө көмөктөшүү
  3. Стандарттык билим берүүнүн негизинде компетенттүүлүктү үйрөнүү
  4. Таланттуу балдардын ишин жандандыруу максатында жөндөмүн аныктап, ар кандай кесипке багыт берүү
  5. Ата-энелерди мектеп турмушуна тартуу менен ийгиликке жетишүү