Жунушова Нуржаз Асанбековна
Мектептин окуу- тарбия иштери боюнча директордун орун басары
1983-жылы 2- декабрда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Учук айылында төрөлгөн.
1990-2000-жылга чейин Эпкин орто мектебинде билим алган.
2000-2005-жылга чейин Нарын Мамлекеттик Университетинин филология факультетине тапшырып, кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгон.
Алгач эмгек жолун Кочкор районундагы Көк-Жар орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. 2006-жылы «Жаш мугалимдин депозити» конкурсунун жеңүүчүсү болгон. Аталган мектепте 2010-жылга чейин эмгектенген.
2010-жылдан 2019-жылга чейин Бишкек шаарындагы №86 жалпы орто билим берүү мектебинде кыргыз тили жана мугалими катары эмгектенген. 2012-2013-жылы тарбиялык иштердин уюштуруучусу, 2013-2015-жылдары окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары, башталгыч класстарынын окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген. Мындан сырткары гуманитардык усулдук бирикме жетекчисинин да милдетин аткарган.
2021-2002-окуу жылынан баштап Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеген.
2022-2023-окуу жылынан баштап Марат Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болгон.